Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:59

Орусиянын Кыргызстандагы аскердик объекттери боюнча жаңы келишим күчүнө кирди


Канттагы авиабаза

29-январда "Орусиянын бириккен аскер базасынын макамы жана Кыргызстанда туруу шарттары тууралуу" Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 2012-жылы түзүлгөн келишим күчүнө кирди. Келишимди кыргыз парламенти 2012-жылы декабрда ратификациялаган жана ал беш жылдан кийин күчүнө кирери айтылган.

Келишимге ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы бир катар аскердик объекттери бириккен аскер базасына айланат. Ал үчүн Кыргызстанга жылына 4,5 млн. доллар төлөнөт. Бирдиктүү базанын курамына Канттагы аскер аба майданы, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

15 жылга түзүлгөн бул келишим автоматтык түрдө беш жылга узартылып турат. Эгер тараптар ал келишимди узартууну каалабаса, алдын ала кабарлоосу керек.(SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG