Эки тараптын жумушчу топторунун сүйлөшүүсү 22-январдан 27-январга чейин болду. Анда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси укуктук жана техникалык адистердин катышуусунда каралды.
Кыргызстандык делегацияны кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров жетектеп барды. Делегациянын курамына юристтер, тышкы саясат адистери жана картографтар кирген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкеси 971 чакырымды түзөт. Анын 471 чакырымы талаштуу бойдон калууда. Тажикстан менен талаштуу жердин саны 70ке жетет.(ZKo)