Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Квебектеги кол салуудан мерт кеткендердин саны алтыга жетти


Квебектеги кол салуу
Квебектеги кол салуу

Канаданын полициясы Квебек шаарындагы мечитке кол салуудан алты киши мерт кеткенин, сегиз адам жаракат алганын билдирди. Расмийлер жекшембинин кечинде намаз маалында болгон атышууну “мусулмандарды бутага алган террорчул чабуул” деп аташты.

Квебектин полиция өкүлү Кристин Колумб бул окуя боюнча эки киши кармалганын кабарлады. “Рейтер” агенттиги Ислам маданияты борборунда кечки намазга чогулган 50 адамга үч куралчан киши кол салганын жазды. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо баштаган расмий өкүлдөр бул окуяны кескин айыптап чыгышты.

Бүгүн кол салуудан жабыркагандарга тилектештик иретинде Квебек шаарында жүрүштөр өтөрү күтүлүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул окуядан кыргызстандыктар жабыркаган жок.

XS
SM
MD
LG