Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:38

Тажикстандагы жаш активисттердин өкүлү Парвин Эргашева Кыргызстандын Дүйшөмбүдөгү элчилигине кайрылып, Жакшылыкка арналган кат жана белектерди берген. Тажикстандык балдар учак кырсыгында үй-бүлөсүнөн ажырап, жалгыз калган Жакшылык Шералиевге сүрөт жана оюнчуктарды жиберишкен. “Биз тажикстандыкпыз” деп аталган интернет коомчулугунун өкүлү Парвин Эргашеванын элчиликке билдиргени боюнча, Тажикстанда Кыргызстандагы учак кырсыгында жакындарынан ажырагандарга көңүл айтып, кайгысын бөлүшкөндөр көп. Жалпысынан тажикстандык жаш жеткинчектер Жакшылык үчүн 250 доллар, бир нече китеп жана өз колдору менен жасаган оюнчуктарын жиберишкен. Ал эми каттарында тажикстандык балдар Жакшылык менен достошууну көздөшөөрүн жазышып, кат алышып туруу үчүн электрондук даректерин көрсөтүшкөн.

Бул тууралуу маалымдаган Тышкы иштер министрлиги 30-январь күнү тажик балдарынын аманаты Жакшылык Шералиевдин колуна тапшырылганын билдирди. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Жакшылыкты чоң атасы жана таежеси менен чогуу кабыл алып, Тажикстандан келген белектерин тапшырды.

16-январда "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташуучу "Боинг-747" учагы кулап, 39 киши набыт болгон. Ондон ашык адам жаракат алган. Жети жаштагы Жакшылык Шералиев жана сегиз жаштагы Султан Абакиров ата-эне, бир туугандарынан ажырашкан.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG