Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Текебаев Салянова суракка чакырылганын билдирди


Аида Салянова
Аида Салянова

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованы бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети суракка чакырды. Түштөн кийин саат төрттө эл өкүлү атайын кызматка барууга камынууда. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Башкы прокуратура 2016-жылдын 26-декабрында Аида Саляновага кылмыш ишин козгогон. Ал мындан алты жыл мурда юстиция министри болуп турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпталып жатат. Салянова бул иш үчүн кылмыш ачууга негиз жоктугун белгилейт.

- Балким Салянованы бүгүн камап коюшу да мүмкүн,- деген Текебаев бул жагдайды "бийликтин оппозицияга көө сүртүү аракети" катары сыпаттады. (SE)

XS
SM
MD
LG