Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:50

Таластын Кара-Буура районундагы китепкананын жамааты райондук маданият бөлүмүнүн жаңы жетекчиси Советбек Жумабаев кысым көрсөтүп жатканын айтып чыгышты.

Ашым Жакыпбеков атындагы китепкананын директору Таалайгүл Турдумамбетованын “Азаттыкка” билдиришинче, Жумабаев айрым кызматкерлерди себепсиз иштен кетүүгө мажбурлап жатат:

-Жаңы жетекчибиздин келгенине 6-7 ай болду. Мага келип алып, “кезек менен иштеткиле, мен башка кызматкерди алмакмын. Сөз берип койгом”,- деп айтты.

Советбек Жумабаев муну четке кагып, куру доомат деп сыпаттады.

- Быйыл 9-январда кесиптик кошуундардын жыйынын өткөрүп, китепканачынын окуусун бүткөн адис келсе, жумуш ордун бошотуу керектигин айткам. Баары макул болушкан. Азыр иштеп жаткандар арасында пенсия курагындагылар бар. Көп өтпөй тийиштүү адис келди. Мен аны китепкананын жетекчилигине жөнөткөнмүн,- деди Жумабаев. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG