Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Дональд Трамп АКШ Жогорку сотунун мүчөлүгүнө талапкерин көрсөттү


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Нил Горсач Жогорку сотунун мүчөлүгүнө алгачкы талапкер катары шейшемби күнү көрсөтүлдү. Президент Трамп Горсачты өлкөдөгү сыйлуу жана тажрыйбалуу сот деп белгиледи:

-Ал биздин өлкө аябай муктаж болуп жаткан, адилеттик жана мыйзам үстөмдүүлүгүн орнотуучу киши.

49 жаштагы Горсач Сенаттан колдоо тапса, Жогорку соттун өткөн жылы кайтыш болгон мүчөсү Антонина Скалиянын ордуна барат. Нил Горсач өзүнүн билдирүүсүндө мыйзам менен гана иштерин бекемдеди. Ал көпчүлүк республикачылар катарында соттор мыйзам чыгаруу менен эмес, аны чечмелөө менен алек болушу керек деп эсептейт.

Нил Горсач Колумбия, Гарвард жана Оксфорд университеттеринен билим алган. Буга чейин Денвердеги федералдык апелляциялык соттун судьясы болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG