Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

ACT Airlines кырсыкта мерт кеткендердин балдарына окуудан жардам берет


Кырсыкта ата-энесиз калган балдардын бири.
Кырсыкта ата-энесиз калган балдардын бири.

Түркиянын ACT Airlines компаниясы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылындагы авиакырсыкта мерт кеткендердин балдарынын окуусунун чыгымдарын көтөрөт. Бул тууралуу аталган компаниянын баш директору Желал Карабаш биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушканда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Карабаш материалдык чыгымды төлөп, балдарга психологиялык жардам берүүгө жана алардын окуу чыгымдарын толук көтөрүүгө убада берди.

Абулгазиев жабыркагандарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, үй-жайга муктаждар мейманканада баш калкалап жатканын белгиледи.

16-январда “Манас” аэропортуна жакын Дача СУ айылына ACT Airlines компаниясынын "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле. Учак Гонконг-Стамбул багытында учуп баратканы, Бишкекке май куюу максатында конуп жатканы айтылган. Кийинчерээк учактагы жүк Кыргызстанга келатканы тууралуу маалымат чыккан. Териштирүү иштери аягына чыга элек.

Жабыркагандарга ачылган банктагы атайын эсепке жарандардан 50 миллион сомго жакын акча чогултулду. Каражат которуу уланууда.

XS
SM
MD
LG