Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:36

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясындагылардын депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу колдоо таппады. Бул жаатта бүгүнкү жыйында талкуу жүрүп, спикер Чыныбай Турсунбеков комиссия куроого шашпай турууну, Башкы прокуратурадан толук маалымат алып, андан соң кароону сурады.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов эмки апта баш прокурор Индира Жолдубаеваны чакырып, баяндама угууну сунуштады.

Аида Саляновага 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы, издөөдөгү Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген себеп менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул ишти УКМК тергеп жатат.

Салянова бүгүн атайын кызматка суракка чакырылган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG