Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Ак үй “грин карт” ээлерине АКШга кирүүгө уруксат берди


АКШга келген жүргүнчүлөр.
АКШга келген жүргүнчүлөр.

Бул тууралуу тактоолор президент Трамптын миграцияны чектөө тууралуу жардыктарын аткаруу нускамасына киргизилгенин Reuters жазды.

Трамптын жардыгы боюнча, жети мусулман өлкөсүнүн жарандары 90 күнгө чейин АКШга кире албайт. Бул жардык аталган өлкөлөрдүн “грин карты” бар жарандарына да тиешелүү болчу.

Президенттик шайлоонун алдында Дональд Трамп мусулмандарды “АКШ үчүн коркунуч” деп атап, аларды өлкөгө киргизбөөгө чакырган. Миллиардердин сөздөрү коомчулукта нааразылык толкундарын жараткан. Кийинчерээк Трамптын тарапкерлери сөз жалпы мусулмандар жөнүндө эмес, радикал исламчылар тууралуу болгонун айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG