Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Акаев Бажы кызматынын жетекчилерине чара көрүүнү сунуштады


Жанар Акаев
Жанар Акаев

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев Бажы кызматынын жетекчилерине чара көрүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул тармакта жемкорлук гүлдөгөнүн белгилеп, бажычылар байлык топтоо менен алектенип жатканын билдирди:

-Бажы кызматы 2 миллиард 837 милион сомго аз толтурду. Бюджетке жетиштүү каражат түшкөн жок. Бирок 200дөн ашуун кызматкери 30-декабрда эмгек өргүүсүнө чыгып, анын ичинде 30дан ашуун жооптуу кызматкерлери Алматы аркылуу Дубайга эс алууга кетишти. Планды аткара албай туруп, чет өлкөдө эс алган тармактын жетекчилерине өкмөт чара көрүшү керек.

Депутат коррупция менен реалдуу күрөшкөн өлкөлөр кызматкерлердин кайсыл каражатка чардап жүргөнүн аныктоого аракет кыларын мисал келтирди. Ошондой эле миллиондогон акчалар аткезчилик менен сол чөнтөккө түшүп жатканын белгилеп, оңой байлык табууну каалагандар бажычы болууга аракет кыларын айтты. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш алкагында бажы башчылары жоопко тартылбаганын органдардын өз ара тил табышуусу катары сыпаттады.

Бажы кызматы эмгек өргүүгө чыккан 232 кызматкердин эс алуусу мыйзамдуу болгонун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG