Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

"Мегаком" боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтөт


Анда Максим Бакиевдин улутташтырылбай калган мүлктөрү тууралуу маалыматтар угулат. Анын ичинде “Мегаком” компаниясын улутташтырууда 51% акциясы чет өлкөлүк компанияга өтүп кеткени тууралуу Белиз өлкөсүнөн Коомдук телеканал тарабынан алынган документтер каралат. Жыйынга “Ата Мекен” партиясынын бул ишке тиешеси бар делип жаткан мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова чакырылган. Шыкмаматов бул жыйында өздөрүнүн далил документтерин жарыялоого мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди:

-Комиссиянын төрагасы Анвар Артыков бизди да чакырды. Биз ал жерде Белизден алынган өзүбүздүн документтерди көрсөтөбүз. Ал жерде биз үчөөбүздүн “Мегакомго” эч кандай тиешебиз жоктугу тууралуу айтылган. Биз президенттин Абдил Сегизбаевди кызматтан алуу жөнүндө айткан сөзүнө турушун талап кылабыз.

“Мегакомго” ээлик кылган “Альфа телеком” компаниясын улутташтырууда анын 49% гана мамлекетке өтүп, калганы чет өлкөлүк компанияга берилгенин, бул үчүн 2010-жылдары жогорку даражалуу кызматкерлер ири суммадагы акча алганы аныкталганын бир жума мурун УКМК маалымдаган. Коомдук телеканал бул ишке “Ата Мекен” партиясынын аттары аталган лидерлеринин катыштыгы бардыгы тууралуу документтер келгенин бекемдеп, атайын көрсөтүү чыгарган.

Оппозицонерлер муну бийликтин куру жалаасы катары сыпатташууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG