Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Донбасста абал тынчый элек


Авдеевка.
Авдеевка.

Украин аскерлеринин штабынан билдиришкендей, Донбасста 3-февралда дагы эки жоокер окко учту, 17си жарадар болду. Аскерлер орусиячыл жикчилдер ГРАД системасын, гранатомет, миномет, танктарды колдонуп жатышканын ырасташты. Авдеевканын айланасындагы атылашуулар бир аз басаңдаганы менен жабыркаган райондордо жашагандардын шарттары кыйын бойдон калууда. Шаардыктар катуу суукта жылуулуксуз күн кечирип жатышат. Таза суу, электр менен камсыздоо калыбына келтириле элек.

Украин бийликтери кырдаал мындан да начарласа, эвакуация жүрөрүн билдирген. Бирок жергиликтүү жашоочуларга эч ким көчүүнү сунуш кыла элек.

Ал эми орусиячыл козголоңчулар кырдаалдын курчушу үчүн Киев өкмөтүн күнөөлөп, жоготууларга учурашканын айтып келишет. Кечээ Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Минск келишимдери боюнча тыюу салынган курал-жаракты колдонууну айыптады. Москва Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдойт деген дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG