Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Лукашенко Орусияны катуу сындады


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларус президенти Александр Лукашенко Москваны коңшу өлкө менен келишимдерди бузуп жатат деп айыптады. Жума күнкү маалымат жыйынында Лукашенко Орусия бул ирет чектен чыкканын айтты.

1-февралда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников эки өлкөнүн чек арасында текшерүү пункттарын орнотуу буйругун чыгарган. Анын алдында, 9-январда Беларус 80 өлкөнүн, анын ичинде Евробиримдик менен АКШ жарандары үчүн беш күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берген эреже иштей баштаган.

Лукашенко Беларус орусиялык мунайсыз эле жан сактайт деп, кара май көлөмүн кыскартуу үчүн Минск Москваны сотко берерин айтты. Президент бул эки тараптуу келишимдерди бузуу болуп эсептелерин, Орусия мунай жана газ маселесин чакан өлкөлөргө кысым көргөзүү инструменти катары пайдаланып жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG