Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Ооганстанда кар көчкү 37 кишинин өмүрүн алды


5-февралда Ооганстанда калың жааган кардан, кар көчкүдөн каза болгондордун саны 37 кишиге жетти. Ооганстан борбору Кабулда кеңселер, эл аралык аба майданы жабылды. Бадахшан провинциясында байланыш үзүлгөн 12 район менен кабарлашууга аракет жасалып жатканын провинция губернаторунун маалымат катчысы Найид Фротан маалымдады. Бул провинцияда кар көчкү, жол кырсыгы жана үйлөрдүн чатырлары кардын оордугунан кыйрап, 19 киши өлүп, 17 адам жарадар болгон.

Ооганстан менен чектеш Пакистандын Читрал провинциясында кар көчкү тогуз кишинин өмүрүн алып, 14 киши ураган үйлөрдүн алдында калганы кабарланды. Полиция жана аскерлер Кабул-Кандагар жолунда калган 250дөй автоунааны куткаруу үчүн аракет жасоодо. (AiT)

XS
SM
MD
LG