Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:17

6-февралда Илхам Алиевдин Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана башка расмийлер менен сүйлөшүүсү белгиленген. Эки тарап 1999-жылы жетишилген Кызматташуу жана өнөктөшүү тууралуу мурдагы келишимди соода, инвестиция, экономика, маданий багыттарда мындан ары улантуу, жаңыртылган документти талкуулайт.

Алиевдин сапарынын алдында 76 укук коргоо уюмдары Европа Биримдигинин лидерлерине биргелешкен кайрылуу жолдоп, сапар учурунда Азербайжанда адам укуктарын камсыздоо боюнча конкреттүү реформаларды өткөрүү маселесин козгоону сунушташкан.

"Хьюмен райтс уотч" уюму 6-февралда тараткан билдирүүсүндө Азербайжан бийлиги өткөн жылы “көз карандысыз активисттерди, сынчыл журналисттерди, саясий оппозицияны чектеп, көптөгөн жарандык активисттерди, журналисттерди, адам укугун коргоочуларды абакка салып, куугунтукка" алганы белгиленген. 6-февралда Европа парламентинде Азербайжандагы адам укуктарынын абалы боюнча да иш-чара өткөрүлөт, ага Бакудан “Азаттыктын” кабарчысы Хадижа Исмаилова видео байланыш аркылуу катышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG