Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:05

Кремль АКШ телеканалында орус президенти Владимир Путин “киши өлтүргүч” деп айтылганы кабыл алынгыс экенин билдирди. Америка президенти Дональд Трамптан 5-февралда интервью алып жатып "Фокс ньюстун" журналисти Билл О,Райли Путинди “киллер” деп атаган. Трамп ага “киллерлер көп. Бизде да киллерлер жетиштүү. Кандай деп ойлойсуң? Биздин өлкө “сүттөн ак” дейсиңби” деп жооп берген. Президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 6-февралда О,Райлинин сөзүн “кабыл алгыс жана кордоо” деп атады. Ал эми Дональд Трамптын жообуна комментарий берүүдөн баш тарткан.(AiT)

XS
SM
MD
LG