Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Илхам Алиев Европарламент төрагасы менен жолугушуудан баш тартты


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Европа Биримдиги менен Азербайжандын кызматташуусу боюнча жаңы өнөктүк келишим тууралуу Европа Кеңешинин лидерлери менен Брюсселде сүйлөшүү өткөргөндөн кийин президент Илхам Алиев Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни менен жолугушуудан баш тартты. Европарламент Алиевдин сапары күнү “Азербайжандагы адам укуктарынын бузулушу” боюнча иш-чара өткөрдү. Ага азербайжандык саясатчы Эркин Гадирли жана “Азаттыктын” журналисти Хадижа Исмаилова катышты.

Исмаилова 2014-жылы декабрда кармалып, 17 ай абакта отурган. Ал Алиевдин үй-бүлөсүнүн коррупцияга аралашуусу боюнча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган. Исмаиловага мыйзамсыз ишкерлик кылуу, салыктан качуу өңдүү айыптар коюлган. Ал өткөн жылы май айында абактан чыгарылган. Илхам Алиевдин Брюсселге сапарынын алдында 76 укук коргоо уюму Европа Биримдигине кайрылып, Азербайжанда адам укуктарын камсыздоо маселесин көтөрүүнү талап кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG