Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Кыргызстанда террорчулукка байланышы бар деген 86 сайт жабылды


2016-жылы Кыргызстанда экстремизм жана терроризмди жайылткан 86 интернет-булак аныкталган. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, сайттар соттун чечими менен жабылды.

Мындан тышкары дагы 13 сайттын ишмердүүлүгүн токтотуу маселеси сотто каралууда.

Тыюу салынган сайттарды соттун чечимине ылайык жабуу, тосмолоо милдети УКМК, Маалымат технологиялары жана байланыш комитети менен Байланыш жана интернет-провайдерлер агенттигине жүктөлдү.

Башкы прокуратура мындай чаралар кыргызстандык жарандар арасында интернет аркылуу радикал идеяларды жайылтууну, согуштарга жалданма күч катары катышуусун алдын алуу максатында көрүлүп жатканын белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG