Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

AI: Сириянын абагында миңдеген адамдар жок кылынган


Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун 7-февралдагы билдирүүсү боюнча, Дамаск шаарына жакын жердеги аскерий абакта өлүм жазасына тартылгандар саны 13 миңге жетип, камактагыларды системалуу түрдө кыйноолор өкүм сүрүүдө. Уюм 2011-жылдан 2015-жылга чейинки өлүм жазасына тартылгандар тууралуу маалыматтарды документтештирген.

Amnesty International бул иштер Улуттар Уюму тарабынан иликтөөгө алыныш керек деп эсептейт. Уюмдун ырасташынча, Сидная абагында жума сайын 20-50 киши дарга асылат.

“Алардын көпчүлүгү өкмөткө каршы чыккан тынч жарандар. Сидная абагында кармалгандардын көпчүлүгүнө тамак, суу, дары берилбей, медициналык кароосуз калтырылып, кыйноо менен өлтүрүлөт”, деп айтылат баяндамада.​

Өлүм жазасын ишке ашыруу жашыруун жүргүзүлүп, сөөктөр массалык көрүстөнгө көмүлөт. Туугандарына кабар берилбейт деп кабарланат уюмдун билдирүүсүндө. (AiT)

XS
SM
MD
LG