Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Тажик бийлиги президенттин уулунун мэрликке дайындалышын жактырат


Тажикстан Мамлекеттик кызмат агенттигинин жетекчиси Жума Давлатов президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалини Душанбе шаарынын мэрлигине дайындоо мыйзам чегинде болгонун билдирди. “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысынын суроосуна жооп берип Давлатов 29 жаштагы Рустам Эмомалинин үч диплому бардыгын жана кызматына толук татыктуу экенин белгиледи.

Давлатов президенттин уулун жооптуу кызматка дайындоо жаш кадрларды мамлекеттик ишке тартуу саясатынын негизинде болгонун кошумчалап, Тажикстанда аткаминерлердин 44% 35 жашка чейинкилер экенин ырастады.

Рустам Рахмонду Душанбе шаарынын мэрлигине атасы Рахмон Эмомали 12-январда дайындаган. Тогуз балалуу президенттин бир кызы Тышкы иштер министрлигинде жогорку кызматта турат, дагы бири атасынын администрациясын жетектейт. (AiT)

XS
SM
MD
LG