Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Кабулдагы жардыруудан каза болгондор саны 20га жетти


Ооган Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кабулдагы Жогорку Соттун имаратынын алдындагы жардыруудан 20 киши набыт болду. Алардын арасында аялдар жана балдар бар. Ооганстан Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Вахидулла Мажрох 7-февралдагы жардыруудан 48 киши жарадар болгонун маалымдады. Жардырууга күбө болгон жергиликтүү таксист Сахил Шазад :

- Аябай катуу жарылуу болду. Адамдардын жүрөгү түшүп калды. Жаратканым, өлкөбүздүн душмандарын жок кыла көр! Жардыруу адамдар кеңседен чыгып жаткан мезгилде болду.

Жөө келген жанкечти Жогорку Соттун кызматкерлерин бутага алган. Жардырууга азырынча эч кайсы тарап жоопкерчилик ала элек. Полиция жарылуу болгон жерди курчоого алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG