Кыргызстанда опурталдуу интернет оюндарга байланыштуу акысыз кайрылса болот деп жарыяланган "ишеним телефонунун" операторлору бардык кайрылгандарды убагында тейлөөгө жетишпей жатат.
"Азаттык" радиосу бүгүн "111 балдар үчүн ишеним телефону" кызматынын директору Марина Жапаркулова менен байланышып сураганда ал бул кызмат 2015-жылдан бери иштерин, телефон чалууларды башынан эле эки гана оператор кабыл аларын жана соңку окуяларга байланыштуу штат кеңейтилбегенин айтып берди.
- Биз менен байланыша албай калып жаткандарынын себеби, бир суткада эки эле оператор иштейт. Башка штат жок. Биз мамлекеттик органбыз. Болгон кайрылуунун баарын кабыл алып жаттык. Тиешелүү суроолорго жооп берип, психологдор консультация берип жатты,- дейт Жапаркулова.
Директордун айтымында, 1-февралдан бери 250 кайрылуу болду. "Айрымдары менен 10, 20 мүнөт сүйлөшсөк, кээ бирлери менен 40 мүнөткө чейин байланышта болууга мажбур болуп жаттык, балким ошол маалда чалып жете албай калгандар болгондур" деди ал.
Соңку күндөрү Кыргызстанда Орусиядан келген "көк кит" деген интернет оюн жайылып, өспүрүмдөрдү суицидке айдап жатат деген маалымат тараганы ата-энелер да, балдар да арасында дүрбөлөң чыкты.
Маселе өкмөттө талкууланып, мектептерге тиешелүү тапшырмалар берилген жана психологдун жардамына муктаждар республика боюнча 111, ал эми Бишкек боюнча 185 номуруна чалса болот деген маалымат таратылган. Бирок "чалсак эч ким албай жатат" деген арыздануулар болгон.
Адистер туура маалыматтын жетишсиздиги дүрбөлөңгө негизги себеп болгонун айтууда. (RK)