Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткандардын айлык маселеси чечилди


Балыкчы-Корумду автожолунда иштеген жумушчулардын айлык маянасына каражат жакынкы күндөрү бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кароо сунушу айтылган болчу. КСДПдан депутат Узарбек Жылкыбаев "жол курулушунда иштеген жумушчулар үч айдан бери айлык албай нааразылык акцияларын уюштурууда. Министр да эч кандай аракет кылбай жатат" деп айтып чыккан.

2016-жылы курулушу башталган Балыкчы-Корумду жолунун узундугу 104 чакырымды түзүп, ага 7 миллиард сом каражат сарпталары айтылган.

Транспорт жана жолдор министрлиги орточо балансты эсептешип алуу үчүн каржылоо убактылуу токтоп турганын билдирген. Курулушту кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жүргүзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG