Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Президент Атамбаев Ооганстан президентине көңүл айтты


Алмазбек Атамбаев менен Ашраф Гани.
Алмазбек Атамбаев менен Ашраф Гани.

Алмазбек Атамбаев Ашраф Ганиге жалпы Кыргызстан элинин атынан кар көчкү алдында өмүрлөрү кыйылган ооган жарандары үчүн терең кайгыруу менен көңүл айтып, табигый кырсыктан набыт кеткендердин жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген. Ал эми жабыркагандарга тезирээк айыгып кетүүсүн каалаган. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Өткөн дем алыш күндөрү Ооганстанда жааган кардын калыңдыгы эки метрге жетип, кар көчкүлөр жүргөн. Бороон жолдордун, ашуулардын жабылышына алып келген. Андан 119 киши набыт болуп, 89 адам жаракат алып, 190 үй кар көчкүдө калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG