Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Орусияда эң бай депутат өзүн банкрот деп таанууну өтүнүүдө


Андрей Палкин.
Андрей Палкин.

Мамлекеттик Думанын «Бирдиктүү Орусия» фракциясынан депутат Андрей Палкин салык төлөө мөөнөтүн жылдыруу үчүн соттон аны банкрот деп таанууну өтүндү. Ал кирешесинин көптүгү боюнча депутаттардын арасында биринчи орунда турат.

Палкин депутаттык мандат алганга чейин ишкердигин токтотуп, активдеринен арыларын билдирген. Айтымда, ал бөлүп төлөө шарты менен мүлкүн уулуна сатып, жыйынтыгында айрым салыктарды төлөй албай калган. Учурда депутат мамлекетке 62 миллион рубль карыз жана киреше салыгын бөлүп төлөөгө уруксат алуу үчүн өзүн банкрот деп жарыялоого аргасыз.

ММКлар Палкинди Мамдуманын «эң көп акча тапкан» депутаты деп атап жүрүшөт – ал 2015-жылы декларация толтурганда бир жарым миллиард рубль киреше тапканын көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG