Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:09

Кытай элчилиги студенттик виза боюнча жаңы тартибин жарыялады


Кытай элчилинин алдындагы милиция кызматкерлери. 30-август, 2016-жыл

Кытайда окуган кыргызстандык студенттер үчүн виза арыздары 10-февралдан 1-мартка чейин жумасына үч күн кабыл алынат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлоодо.

Министрликтин кызматкерлери бүгүн элчилик өкүлдөрү менен ушул маселени талкуулады.

Элчиликтин маалыматына караганда, арыздар дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат.

"Техникалык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу бир күндө 20 гана арыз кабыл алынары" да кабарланды.

Былтыр Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу уюштургандан бери Кытайда окуган студенттер үчүн виза алуу кыйындады. (RK)

XS
SM
MD
LG