Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

АКШ конгрессмени Македониянын ачуусун келтирди


Македониялык өспүрүмдөр.
Македониялык өспүрүмдөр.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы Евразия боюнча комитет бөлүмүнүн төрагасы Дана Рорабахердин Македонияны "өлкө эмес” деген билдирүүсү Скопьенин ачуусун келтирди.

- Македониядагы косоволуктар менен албандар Косовонун бөлүгү, ал эми калгандары Болгариянын же башка өздөрү каалаган өлкөнүкү болушу керек,- деп Рорабахер албан телеканалына маек берген.

Конгрессмен 30 жыл илгери Югославия тарагандан кийин Македонияны түзүү жаңылыш болгонун белгилейт. Анын оюнча, эл бири бири менен тынч жашай албай турган этникалык лагерлерге бөлүнүп калган.

Мурдагы жылы Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров да “Македониянын бир бөлүгүн Албанияга, бирин Болгарияга берүү идеясы” бардыгын айткан эле.

Македониянын тышкы иштер министрлиги Рорабахердин сөздөрү “өтө тынчсыздануу жана улутчулдук кайым айтышууларын жаратат” деп билдирди.

Скопье АКШ Мамдепартаменти бул сунушту колдобосуна ишенүүдө. Ошентсе да Рорабахер Трамптын администрациясына таасир этип, өзү жетектеген бөлүмдө бул боюнча угуу өткөрүүгө камынууда.

XS
SM
MD
LG