Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

АКШ конгрессмендери Орусия боюнча жаңы долбоор сунушташты


Капитолий.
Капитолий.

АКШдагы эки партиядан тең куралган конгрессмендер тобу шаршембиде Орусияга киргизилген санкцияларды алууну татаалданткан мыйзам долбоорун сунушташты.

Жаңы мыйзам долбоору боюнча президент Дональд Трамптын Орусияга салынган санкцияга байланыштуу кандай гана чечими болбосун Конгресстин макулдугун алышы керек.

Мыйзамды колдогондор арасында таасирдүү конгрессмендерден республикачы Жон Маккейн, Линдси Грэм жана демократ Бен Кардин бар.

Трамп мурдараак Орусия менен мамилени оңдоп, Москванын Украина чатагына кийлигишкени, Крымды аннексиялаганы жана АКШнын өзүнө хакердик чабуулдары үчүн Обама киргизген чараларды жокко чыгарууга ишара кылган.

Кечээ Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан Трамптын Москва менен алаканы оңдоо аракетинен натыйжа чыгарына ишенбесин билдирди.

Ошол эле учурда Трамптын пресс катчысы Шон Спайсер Крымдын аннексиясына байланыштуу санкциялар Орусия Крымдан кетмейин кала берерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG