Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:47

Европадагы чечен качкындарынын арасында ФСБнын агенттери бар деп шектелүүдө


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы.

Мындай маалыматты Орусиядан качып кеткен мурдагы коопсуздук офицери Германиянын басылмаларына билдирген. Анын айтуусунда, Орусия Европада атайын тыңчылык тармак түзгөн.

Die Welt басылмасы немистердин ZDF телеканалында буга арналган документалдуу тасма көрсөтүлгөнүн, анда өзүн ФСБнын мурдагы офицеримин деп атаган киши Европада “качкын” макамын сурап жаткан чеченстандыктар 2002-жылдан бери “жасалма документтер” менен камсыз болушканын айтат. Анын сөзү боюнча бул тыңчылар “кремлдик режимди сындагандардын жана радикал исламчылардын” артынан түшүшөт.

Тасмада ошондой эле чечендердин Киль шаарындагы маданий коомчулугунун башчысы Тимур Дугазаев менен маек да көрсөтүлгөн. Дугазаев ФСБ менен байланышы жоктугун айтып, бирок ошол эле учурда айрым мекендештери тууралуу маалыматтарды Чеченстандын бийлигине бергенин билдирген.

Тасмада Германиянын контрчалгын кызматынын башчысы Ханс-Георг-Маасен “ФСБ Германияда кырдаалды курчутуу үчүн атайын радикал исламчыларды жиберип жатат” деп айткан сөзү да айтылган.

XS
SM
MD
LG