Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги - сомдун графикалык символу бекитилди. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Мекеме коммерциялык банктарга жана башка юридикалык жактарга, жеке адамдарга графикалык символду өндүрүштө, товар чыгарууда, тейлөө жарнамаларында, маалыматтык материалдарды жайылтууда өлкөнүн расмий акча бирдиги болгон сомдун белгиси катары колдонууну сунуштайт.
Кыргызстанда улуттук валюта жүгүртүүгө 1993-жылдын 10-майында киргизилген. (RK)