Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

ММА чемпиону Данияр Зарылбек уулу Бразилияда таймашат


Данияр Зарылбек уулу Родолфо Виейра менен беттешет

Кыргызстандын ММА чемпиону Данияр Зарылбек уулу 11 февралда Бразилияда REAL MMA CHAMPIONSHIP турнирине катышат. Уюштуруучулар "Азаттык" радиосуна кабарлашынча, ал Сан Паулу шаарында жиу-житсу боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Родолфо Виейра менен беттешет.

Оштогу "Барсбек Хан" клубунун президенти Койчубек уулу Айбектин айтымында, 93 кг салмактагы балбанга "зор үмүт артылууда, себеби ал клубдун мыкты спортчуларынын бири".

2016-жылдын апрель айында ачылган "Барбсек Хан" клубунан бүгүнкү күнгө карата эки чемпион чыкты. Бири Кыргызстан ичинде өткөн таймашта жеңсе, экинчиси Азия боюнча чемпиондукта уткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG