Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Казакстандык биатлончулар допингге шектелип жатат


Казакстандын туусу
Казакстандын туусу

Казакстандын Спорт жана дене тарбия комитетинин төрагасы биатлон боюнча улуттук команданын айланасындагы чатак үчүн догдурду күнөөлөдү. Ельсияр Канагатов өкмөттөгү маалымат жыйынында “бул – дарыгердин шалаакылыгы үчүн болду, уруксат берилген препараттар менен уруксат берилбегендери да бар”, - деди. 8-февралда Австрия полициясы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн келген казак командасы жашаган мейманканада тинтүү жүргүзгөндө медициналык жабдуулар, дары-дармек, чөнтөк телефондор алынган. Австриянын допингге каршы агенттигинин өкүлдөрү казак спортчуларынан анализ алышты. Биатлон боюнча Эл аралык биримдиктин баш катчысы Николь Реш иликтөө жүрүп жатканда казакстандык 11 спортчу дүйнө чемпионатына катыша берерин айтты.

XS
SM
MD
LG