Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:21

Президент Дональд Трамп жакынкы күндөрү АКШга кирүүнүн эрежелери жөнүндө жаңы жарлыкка кол коё турганын журналисттерге билдирди. Анын айтымында, документте жети мамлекеттин, негизинен мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына Америкага кирүүгө тыюу салуу маселеси жазылган. Ал 27-январда кол коюлган, ушундай эле маанидеги биринчи жарлык боюнча Апелляциялык соттун чечиминин үстүнөн Жогорку Сотко кайрылууга шашпай турганын айтты.

Трамп журналисттер менен Флоридага бараткан учурда президенттик учакта баарлашты. Азырынча жаңы жарлыктын мурдагыдан айырмасы белгисиз.

Буга чейин Сан-Францисконун Апелляциялык соту жети мамлекеттин жарандарынын өлкөгө киришине тыюу салган Трамптын жарлыгын күчүнө киргизүүнү калыбына келтирүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG