Москвада Борис Немцовдун эстелиги 11-февралга караган түнү бузулду. Бул тууралуу мемориалды кайтарган жарандык активист Григорий Симаков билдирди. Ал 11-февралга караган түнү муниципалдык "Гормост" компаниясынын кызматкерлери эстеликти бузуп кеткенин милицияга кабарлаган.
Ошол күнү мемориалдын жанында активисттер Григорий Симаков жана Павел Колесников күзөттө турган.
Немцовду Москванын борбордук көчөсүндө 2015-жылдын 27-февралында атып кетишкен. Анын өлүмү боюнча беш киши кармалган. Орусия прокуратурасы Немцовдун өлүмү Чеченстан полициясынын мурунку кызматкери Руслан Мухудиновдун буйрутмасы менен ишке ашкан деп эсептейт. Ал эми Немцовдун жакындары анын өлүмүнө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бардыгын айтып келет.