Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:44

Учак кырсыгынан жабыркагандарга 83 миллион сомдой акча чогулду


Бул тууралуу Дача-СУ айылындагы учак кырсыгынын себептерин иликтеген өкмөттүк комиссиясынын 11-февралдагы жыйынында белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча атайын эсепке ушул тапта 82 миллион 920 миң 233 сом түштү. Элден акчалай жардам дале келип жаткандыктан, атайын эсеп азыр да иштеп жатат.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өкмөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине түшкөн каражатты туура пайдалануу маселесин өз көзөмөлүнө алат деп билдирди.

16-январда “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап, жыйырмадан ашуун үй талкаланган, 39 киши набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG