Ага Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Чолпон Жакупова, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана башка отуздан ашуун саясатчылар катышууда. Жыйынды “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов алып барууда.
"2017-жылдагы бурмалоосуз шайлоо" деп аталган жыйында президент Алмазбек Атамбаевдин мураскер даярдоосуна жол бербөө маселеси талкууланмакчы.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын күз мезгилине белгиленген. Азырынча шайлоого катышарын “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев расмий билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев мураскер даярдабай турганын, шайлоо элдин тандоосуна коюларын айтып келет. (EBM/ZKo)