13-15-февралда Кыргызстандын тоолуу аймактарында, автожолдордо кар күрткүсү топтолуп, көчкү түшүшү кыктымал, жолдор тайгак, калың муз тоңот. Ошондуктан автоунаалар ортосундагы кыймыл аралыгы 500 метрден кем болбошу керек.
14-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүзү -2…+3 жылуу болот.
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүзү 0…5 градус жылыйт.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүзү 1…6 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүзү 1…6,
Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүзү -6…-11 градуска чейин төмөндөйт.
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23, күндүзү -3…-8 градус суук болот.
14-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаабайт, күндүз бир аз кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Түнкүсүн суук -3…-5° түшүп, күндүз 0…2° жылуу болот.