Принтер
Түштүк Кореяга кетүү максатында аты-жөнүн корейче өзгөрткөн 20га чукул жаран Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн шылуундар менен кызматташып, документ жасашат деп айыптап чыгышты. Алар Bishkek Alliance LTD ЖЧК Кореяга виза алып берүүнү убада кылып, аталган мекеме кызматкерлери менен бирге документ даярдап, акысына үч миң доллардан жети миң долларга чейин алганын, бирок алдап кеткенин айтышууда.