Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:36

РAЖ фракциясы президенттикке Бабановдун талапкерлигин колдоду


Өмүрбек Бабанов

“Республика - Ата Журттун” президенттикке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдогон чечими фракциянын жыйынында бир добуштан кабыл алынганын анын мүчөсү Мирлан Жээнчороев “Азаттыкка” билдирди.

Мыйзамга ылайык, фракция өз чечими менен президенттикке талапкерди көрсөтө алат. Бул чечим партиянын жалпы жыйынында сунушталып, колдоо тапса, андан ары Өмүрбек Бабанов партиянын атынан талапкер болуп көрсөтүлөт.

Өмүрбек Бабанов - "Республика" партиясынын төрагасы.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Ага катышуу ниетин азырынча “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев билдирген. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (35)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG