Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:10

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШнын жаңы коргоо министри Жеймс Маттис менен Брюсселде биринчи жолугушуу алдында ушундай чакырык менен чыкты.

“Көп жылдар бою коргонууга кеткен чыгымдарды кыскартууга барып жүрүп, бурулушка келдик” деди Столтенберг 14-февралда. Ал өткөн жылы НАТОнун Европадагы мүчөлөрү жана Канада коргонуу үчүн чыгашасын 3,8% көбөйткөнүн белгиледи. Бул күтүлгөндөн алда канча көп, жалпысынан 10 млрд долларды түзөрүн кошумчалады Столтенберг. "Биз бул импульсту сакташыбыз керек" деген Столтенберг АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө коргонууга каражатты көбөйтүү башкы тема болгонун белгиледи.

2014-жылы Крымдын аннексияланышы жана чыгыш Украинада жикчилдерди Орусиянын колдоосунан кийин НАТО өлкөлөрү коргонууга каражатты көбөйтүүнү макулдашкан. (AiT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG