Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Тайырбек Сарпашев өзүн актоого адвокат жалдабайт


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан кетишине себеп болгон жагдайды мекемелер аралык комиссия иликтей баштаганын, өзүнө эч кандай адвокат жалдабай турганын “Азаттыкка” билдирди. Мурдараак айрым сайттарда Сарпашевдин адвокаттары анын күнөөсүздүгүн далилдөө максатында 15-февралда маалымат жыйын курат деген кабар тараган эле:

- Ал кабар туура эмес. Мен адвокат жалдаган жокмун. Өкмөт башчынын буйругу менен түзүлгөн мекемелер аралык комиссия менен гана иштешем.

Башкы прокуратура 10-февралда Бишкектеги Максим Бакиевдин бир гектардан ашык жеринин сатылып кеткени боюнча кылмыш ишин козгогон. Мындан улам Башкы прокуратуранын сунушу менен Сарпашевди өкмөт башчы 13-февралда кызматтан алган.

Сарпашев өзүнө каршы аракеттерди саясатка байланыштырып, иштен кетишине кызыкдар күчтөр бар экенин билдирген.

Мекемелер аралык комиссия жагдайды бир ай ичинде карап чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG