Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Кыргызстанда ушул күндөрү катаал аба ырайы болот


Синоптиктер ушул күндөрү Кыргызстанда катаал аба ырайы болорун эскертүүдө. Тоолуу райондорда, тоо жолдорунда кар күрткүсү топтолуп, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бардык аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээде бурганак болот. Электр зымдарына жана бактарга суу кар жармашат.

Өрөөндөрдө -15, тоолуу райондордо -30 градустун тегерегинде суук болот. Мындай аба ырайы, эмки аптанын ортосуна чейин (20-21-февраль) сакталат. (SE)

XS
SM
MD
LG