Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

АКШ Түштүк Осетияда өтчү референдумду кескин сынга алды


Жикчил Түштүк Осетия жумуриятынын лидери Леонид Тибилов
Жикчил Түштүк Осетия жумуриятынын лидери Леонид Тибилов

Кошмо Штаттардын Грузиядагы элчилиги жикчил Түштүк Осетиянын бийликтеринин аймактын аталышын өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү пландарын кескин сынга алды. 9-апрелде өтө турган президенттик шайлоо менен катар Түштүк Осетиянын лидерлери аймактын аталышын Алания мамлекети деп өзгөртүүнү сунуштоодо.

14-февралда АКШнын Тбилисидеги элчилиги интернет сайтына Вашингтон грузин өкмөтү менен макулдашылбай өткөрүлчү мыйзамсыз референдумдун жыйынтыгын тааныбай тургандыгы айтылат.

Түштүк Осетиядагы жикчилердин лидери Леонид Тибилов референдум өткөрүү жөнүндө буйрукка 6-февралда кол койду.

Москва 2008-жылдагы согуштан кийин Грузиядан өз алдынчалык жарыялап алышкан Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган. АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү Абхазия менен Түштүк Осетияны Грузиянын бөлүгү деп санайт.

XS
SM
MD
LG