Чүйдүн Кемин районунда Тегирменти-2 чакан ГЭСи ишке берилди. Тегирменди суусуна салынган чакан электр станцияны курууга 215 миллион сом кеткен. Анын 144 миллион сомун Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыя катары берген. Жабдыктар Чехиядан алынып келинген.
Чакан ГЭС өндүрүлгөн электр энергияны “Түндүкэлектр” ишканасына сатат. (BkA/SDz)