Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Орусия Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча 37 миллион доллар талап кылууда


Бүтпөй калган ГЭС куруучулар шаарчасы.
Бүтпөй калган ГЭС куруучулар шаарчасы.

Орусия Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына курууга жумшалды делген 37 миллион долларды кайтаруу маселесин коюуда. Бул тууралуу Улуттук Энергохолдингдин директору Айбек Калиев парламент комитетинде билдирди. Анын айтуусунда, кыргыз тарап каражатты кайтарып берүүнүн алдында эл аралык аудит өткөрүү маселесин коюуда.

- Биз качан гана эки тараптуу аудит болгон соң бул акча кайтарылат, деген пикирди айтып жатабыз. Эгерде бир тараптуу аудит болсо эртең Орусия бул текшерүүнүн жыйынтыгын кабыл алабы деген күмөн бар,- деди Калиев.

Калиев эл аралык аудит жүргүзүүгө 300 миңден 1 миллион долларга чейин сарпталашы мүмкүн экенин кошумчалады.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашуу кабыл алынган. Ага ылайык Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок, кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан, Орусиядан иш ыраатында жүрбөй токтоп калгандыктан Кыргызстан макулдашууну денонсациялаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG