Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:45

АКШда “мигранттарсыз бир күн” акциясы өттү


Демонстрация.

АКШда жашаган мигранттар өлкө экономикасындагы өздөрүнүн ролу канчалык маанилүү экенин көрсөтүү максатында 16-февралда жумушка жана окууга баруудан баш тартышты.

Активисттердин “Мигранттарсыз бир күн” деп аталган акция өткөрүү идеясын Вашингтон, Бостон, Хюстон, Чикаго жана Нью-Йорк шаарларында он миңдеген мигранттар колдошту.

Уюштуруучулар ушундай жол менен АКШ президенти Дональд Трамптын иммиграция саясатына нааразылыктарын көрсөтүүнү каалашты.

Трамптын мыйзамсыз миграция агымын токтотуу үчүн Мексика менен чек арасын коргондоп коюу жана жети мусулман мамлекеттеринин жарандарын өлкөгө киргизбөө планы ушундай нааразылыктарга себеп болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG