Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:44

Ошто жылуулукка карыз көбөйдү


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдү жарык менен камсыз кылган “Ош жылуулук” ишканасынын карызы 333 миллион сомду түздү. Бул тууралуу “Ош электро” ишканасынын кабарлашты.

Маалыматка караганда Ош мэриясына караштуу «Ош жылуулук» муниципалдык ишканасынын карызы «Ош электродогу» жалпы карыздардын 60%ын түзөт.

Бул мекемеден карызды төлөө тууралуу бир нече жолку талап аткарылган эмес. Буга байланыштуу «Ош электро» карызды төлөтүп берүүнү сурап өкмөт башчыга чейин кайрылууга аргасыз болгон.

Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес.

«Ош жылуулук» муниципалдык мекемеси калаадагы айрым көп кабаттуу үйлөрдү жана муниципалдык мекемелерди жылуулук менен камсыздайт. (YI)

XS
SM
MD
LG