Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:45

Сабыр Мукамбетов КТРКнын Байкоочу кеңешинен чыкты


КТРКнын Байкоочу кеңеши.
КТРКнын Байкоочу кеңеши.

Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешининин мүчөсү Сабыр Мукамбетов аталган кеңештен чыгууга арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мукамбетов өзү кабарлады. Анын айтуусунда, Байкоочу кеңеш өзүнүн милдетин аткара албай, Коомдук кеңештин бейтарап, калыс иш алпарышын көзөмөлдөгөнгө жөндөмсүз болуп калды. Буга байланыштуу Байкоочу кеңештин курамынан чыгып, бул жааттагы маселелерге көңүл бурдурууну чечкенин Мукамбетов кошумчалады.

- Коомдук телеканал өз макамына ылайык иш жүргүзбөй, бийлик пропагандасынын рупоруна айланды. Ал эми ага көзөмөл жүргүзүп, редакциялык саясатты оң жолго салчу Байкоочу кеңеш алсызданып, өз ишин аткара албай калды. Буга Байкоочу кеңештин айрым мүчөлөрүнүн коомдун кызыкчылыгынан өз кызыкчылыктарын жогору койгону да себеп болду, - деди Мукамбетов.

Сабыр Мукамбетов өз чечими тууралуу Байкоочу кеңеш төрайымын, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетин кабардар кылат.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү канал жетекчилигинин ишин сындап чыккан.

Мындай кайрылууну алар парламент төрагасына жолдошкон. Нааразы тарап канал жетекчилиги редакциялык саясатта кемчилик кетирип жатканын белгилеген. Бирок Коомдук каналдын жетекчилиги андай дооматтарды четке кагууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG