Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:20

Меркел НАТОну чыгыш флангды күчөтүүгө чакырды


Ангела Меркель Мюнхен жыйынында сүйлөп жатат

Орусиянын Украинага кийлигишүүсүнөн улам батыш өлкөлөрү аймактык бүтүндүк принцибин коргоп, НАТО чыгыш флангды бекемдеши керек. 18-февралдагы Мүнхендеги коопсуздук боюнча жыйында Германия канцлери Ангела Меркел ушундай билдирүү жасады.

Канцлер аймактык бүтүндүктү Экинчи дүйнөлүк согуштан берки маанилүү фундамент деп атады. Орусиянын Крымды тартып алып, Украина чыгышында өкмөт менен согушкан жикчилдерди колдошун “чоң коркунуч” деди.

Меркел Орусиянын бул аракеттери НАТОнун маанисин арттырып, чыгыш чек аралардагы күчтөрүн бекемдеши зарылдыгын көрсөткөнүн белгилейт.

Ал ошондой эле ар бир мүчө өлкөнү өз дүң жыйымынын 2% НАТОго бөлүүгө көндүрүүгө аракеттенип жатканын айткан.

Ошол эле учурда Меркел Орусия менен жакшы мамиледе болуп, терроризмге каршы күрөшүүгө кызыкдар.

XS
SM
MD
LG